адахан мадумаров биография туулган кунун
Жарым жылга жетпей спикерликтен кол жууган. Адахан Мадумаров тууралуу 7 факты
Парламентке жаңы келген «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров тууралуу фактыларды Sputnik Кыргызстан агенттигинин макаласынан окуңуз.
4-октябрь күнү Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп, алдын ала жыйынтыктарга караганда, «Бүтүн Кыргызстан» партиясы дагы жаңы чакырылыштын катарына кошулду.
Парламентте 13 мандатка ээ болчу бул партиянын лидери Адахан Мадумаровдун таржымалы жана саясий жолу тууралуу эске салууну чечтик.
Туулган жери
1965-жылдын 9-мартында Ош облусунун Өзгөн районундагы Куршаб айылында туулган.
Кесиби боюнча журналист эмес
Мадумаровду көпчүлүк мурдагы жуналист катары тааныйт. Анткени ал 1990-жылдары КТРКда иштеп, эл көзүнө ошол жактан көрүнө алган, бирок ал журналисттик билим алган эмес. Эки дипломдун ээси. Алгач Тверь мамлекеттик университетинен тарыхчы, кийин Кыргыз мамлекеттик университетинен юрист кесиптерине ээ болгон.
Совхоздо иштеген
Эмгек жолун 1982-жылы Өзгөн районундагы «Кайнар» совхозунан баштаган. 1983-85-жылдары советтик армиянын катарында кызмат өтөп, кийин кайра совхозго жумушчу катары кайткан.
Эки ирет президенттикке ат салышкан
2017-жылы президенттик шайлоодо ат салышып, Сооронбай Жээнбеков жана Өмүрбек Бабановдон кийинки үчүнчү орунду ээлеген. Ошондой эле 2011-жылы да өлкө башчы болом деп шайлоого катышкан.
Аскар Салымбеков менен тандеми
2010-жылдагы парламенттик шайлоодо «Бүтүн Кыргызстан» алтынчы орунду ээлеген, ал эми ЖКга алдыдагы беш партия келген. 2015-жылдын башында Адахан Мадумаров («Бүтүн Кыргызстан») менен Аскар Салымбеков («Эмгек») биригип, жаңы саясий бирикме «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» деп аталган. Бирок алардын 2015-жылы Жогорку Кеңешке болгон шайлоодо жеңишке жетебиз деген тилеги ишке ашкан эмес. Мындан көп узабай партиялар «ажырашып» кеткен. Ошентип «Бүтүн Кыргызстан» эки ирет парламентке өткөн жок. Экөөндө тең бир аз пайыз жетпей калган.
Мадумаровдун чырлуу спикерлиги
Бирок Мадумаровдун шайлоодон такыр эле жолу болбой калды деп айтууга да болбойт. Ал төрт чакырылыштын депутаты болду (биринчиден төртүнчүгө чейинкисине көз чаптырсак, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин акыркы чакырылышын «легендарлуу парламент» катары катар санга кирбестигин эстеп коёлу). Тагыраагы, 2007-жылы президенттик «Ак Жол» партиясына кирип, акыркы ирет ЖКга барып, ал тургай спикер да болгон. Бирок бул кызматта көпкө кармалган эмес, 2008-жылдын январынан майына чейин гана турду.
Отставкага себепкер «жаңгак кабынын» чыры болду. Мадумаров парламенттин жыйындар залын оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, аны жаңгак кабы менен жасалгалоого ниеттенген. Бул кадам жөнөкөй жарандардан тарта депутаттардын өздөрүнүн да нааразылыгын жараткан. Жыйынтыгында Мадумаров спикерлик эле эмес, мандаттан да баш тартууга аргасыз болгон.
Мадумаров безге сайып сүйлөгөн чечендиги, бетке чабар курч мүнөзү менен дал ошол парламентте жүргөн кезинде оозго алынган.
Уулдары тууралуу
Адахан Мадумаровдун Нурмухаммед, Динмухаммед жана Алихан аттуу уулдары бар. Тун баласы кесиби боюнча юрист, экинчиси дипломат. Кичүүсү мектеп окуучусу.
Мадумаров Адахан Кимсанбаевич: страницы биографии
Мадумаров Адахан Кимсанбаевич – популярный государственный деятель, председатель партии «Бутун Кыргызстан», довольно широко известен в Кыргызстане своей политической активностью. Историк и юрист по образованию, он хорошо владеет не только киргизским языком, но и некоторыми другими: казахским, русским, узбекским и английским.
Адахан Кимсанбаевич Мадумаров, биография
Родился будущий политик 9.03.1965 в селении Куршаб (Узгенский район, Ошская область, Киргизская ССР). В 1982 году, по окончании средней школы в родном селе, он устроился рабочим в совхоз «Кайнар» в своем же районе, откуда в 1983-м его призвали на срочную службу в ряды советской армии. После демобилизации в 1985 году он возвратился на работу в тот же совхоз.
В 1987-м Мадумаров Адахан Кимсанбаевич стал студентом Тверского государственного университета, по окончании которого в 1992 году, получив диплом историка – преподавателя истории и обществоведения, устроился референтом республиканского министра печати, а затем занял пост главного редактора газеты «Турк ааламы».
К 1994 году он прошел путь от простого до главного редактора и возглавил редакцию по детским и молодежным телепрограммам в республиканской национальной Гостелерадиокомпании.
К 1995 году он уже работал в этой госкомпании политическим обозревателем главной дирекции телепрограмм.
Политическая деятельность
В 1995 году Мадумаров Адахан Кимсанбаевич был избран в депутатский корпус Жогорку Кенеша (парламента) Кыргызской Республики. Он был депутатом этого законодательного органа до 2005 года (с первого по третий созывы), возглавлял комитет по социальной политике, труду и ветеранам. В этот период Мадумарову удалось получить второе образование, юридическое, в стенах Кыргызского национального госуниверситета. Он окончил этот вуз в 1999 году.
Мадумаров выступил соучредителем нового политического общественного движения «Ата-Журт», что в переводе на русский язык означает «Отечество».
В апреле 2005 года его назначили исполняющим обязанности вице-премьера республики. В 2006–2007 годах Адахан Кимсанбаевич Мадумаров занимал должность госсекретаря Кыргызской Республики. С 2007-го по октябрь 2008 года он был спикером Жогорку Кенеша Кыргызстана четвертого созыва. В период с 5.11.2008 по 26.11.2009 Мадумаров исполнял обязанности секретаря республиканского Совета безопасности.
В 2010 году он возглавил политическую партию «Бутун Кыргызстан», что в переводе с киргизского языка означает «Единый Кыргызстан».
В августе 2013 года Мадумаров Адахан Кимсанбаевич занял пост заместителя генсекретаря в Совете сотрудничества тюркоязычных стран.
О личной жизни и наградах политика
Мадумаров женат, у него два сына. Старшего зовут Нурмухаммедом, младшего – Динмухаммедом.
С учетом выдающегося вклада в процесс формирования информационного пространства Содружества Независимых Государств Межпарламентская Ассамблея СНГ вручила Адахану Кимсанбаевичу золотую медаль » Древо Дружбы».
Мадумаров Адахан Кимсанбаевич
должность:
Председатель политической партии «Единый Кыргызстан»
дата рождения:
место рождения:
Кыргызская Республика, Ошская область, Узгенский район, cело Куршаб
национальность:
семейное положение:
Женат, двое сыновей: Нурмухаммед и Динмухаммед.
знание языков:
кыргызский, русский, узбекский, казахский, английский
образование:
1982 г. — Окончил среднюю школу в селе Куршаб.
1987 — 1992 гг. — Тверской Государственный университет, специальность – историк, преподаватель истории и обществоведения.
1999 г. — Кыргызский Государственный национальный университет, специальность – юрист.
трудовая деятельность:
1982-1983 гг.- Рабочий совхоза «Кайнар» Узгенского района Ошской области.
1983-1985 гг.- Служба в рядах Советской Армии.
1985-1987 гг.- Рабочий совхоза «Кайнар» Узгенского района Ошской области.
1992-1992 гг.- Референт министра печати и информации КР, главный редактор газеты «Турк ааламы».
1992-1994 гг.- Редактор, заместитель главного редактора, главный редактор редакции детских и молодежных телепрограмм Государственной национальной телерадиокомпании КР.
1994-1995 гг.- Политический обозреватель главной дирекции телепрограмм Государственной национальной телерадиокомпании.
1995-2005 гг.- Депутат Жогорку Кенеша КР I, II, III созывов, председатель Комитета по социальной политике.
Апрель2005 г.- И.о. вице-премьер-министра КР.
2006-2007 г. — Госсекретарь КР.
2007-2008 г. — Спикер ЖК КР IV созыва.
5 октября 2008 – 26 октября 2009 гг. — Секретарь Совета безопасности КР.
2010 г. – Председатель политической партии «Единый Кыргызстан».
дополнительно:
Февраль 2006 г. — Награжден знаком «Золотое Перо» и почетным дипломом.
Награжден за выдающийся вклад в формировании информационного пространства СНГ Межпарламентской Ассамблеей СНГ золотой медалью «Древо Дружбы».
Национального Союза писателей Кыргызстана
Февраль 2007 г. – Награжден российской медалью «За заслуги».
Был конфликт с Медетбеком Садыркуловым в 2008 году. В бытность Мадумарова спикером, Садыркулов был руководителем администрации президента. Мадумаров собирался отделать зал заседаний Жогорку Кенеша контрабандным ореховым капом «потому что ему стыдно принимать иностранные делегации», сообщив, что это согласовано с администрацией президента. В свою очередь, Садыркулов сказал, что это «самовольство Мадумарова». После этого Мадумаров лишился поста спикера.
Считает, что Кыргызстан не готов к парламентской форме правления.
Если вы нашли ошибку, пожалуйста, выделите фрагмент текста и нажмите Ctrl+Enter.
Мадумаров кайрадан кызматка барабы же оппозицияда калабы?
Сүрөттүн булагы, facebook
Убагында бир топ саясатчылар бириккенин жарыя кылышкан. Арасында Адахан Мадумаров да болгон
Саясатчы Адахан Мадумаров сонку бир нече окуялар боюнча журналисттерге пикирин билдирди. Негизинен абакта ачкачылык жарыялап жаткан саясатчылар, Бишкектеги жылуулук борборундагы аварияга басым жасады. Мадумаровду азыркы бийликке теңтайлаша алган бирден-бир оппозиционер катары баалагандар да жок эмес. Бирок ошол эле учурда Мадумаровду куру чечен деп сынга алгандардын да катары калың.
Мадумаров чогулган журналисттерге, Кадамжайда берген убадасын аткарып жатканын айтты. Ал жакында эле Кадамжай районундагы «Шамбесай» алтын кенинин айланасындагы нааразылык жыйынына барып катышкан эле. Алтын кенге байланышкан маселени жалпы элге жеткирүү үчүн Бишкекте маалымат жыйынын өткөрөм деп сөз бергенин кошумчалады.
Мадумаровдун адаттагыдай ачуу сындары
Ал ошондой эле азыркы президент өз алдынча иш алып барып жатабы деген соболго да жооп берди.
«Мен шайланып турганда эмес, шайлана электе эле айткам. Ал өз алдынча саясат жүргүзгөн эмес, жүргүзө албайт. Уруксат жок. Эми кайра-кайра айта бергенден ал өзгөрүп кетеби? Өзүңөр деле көрүп атасыңар. Кадр саясатын да, экономикалык саясатты да жүргузө албайт. Экономикалык саясатты мыйзам боюнча да жүргүзө албайт. Барып башка мамлекеттер менен сүйлөшүү жүргүзүп келип атат. Эми бул мындай, экономикалык жагдайларга тиешеси жок болгон киши менен алар кантип келишим түзөт?»,- дейт саясатчы Адахан Мадумаров.
Шайлоо учурундагы тиреш
Сүрөттүн булагы, facebook
Айрымдар президент Сооронбай Жээнбеков менен Мадумаровдун ортосундагы карама-каршылыктын тамыры бир топ эле тереңде деп боолголошот. Алар мунун ачык мисалы президенттик шайлоонун үгүт маалында интернетке тараган видео тасмада даана көрүнгөн дешет. Анда ал кездеги талапкер Сооронбай Жээнбековдун эл менен жолугушуусу башталат деген жерде, Мадумаров эл алдына чыгып, микрофонду алып сүйлөөгө аракет кылган эле. Анда эки талапкердин талашы күчөп барып токтогон.
Президенттикке талапкерлер Адахан Мадумаров менен Сооронбай Жээнбеков шайлоо алдындагы теле-дебатка чогуу чыгат деген маалымат көптөрдүн бүйүрүн кызыткан. Бирок алып баруучулар Жээнбеков Ош шаарындагы жолугушууларынан келе албай калганын айткан эле. Мадумаров ал ирет да негизги делген талапкер келбей калганын, эң орчундуу суроолорун ал кишиге узата турганын айтканы бар.
Шайлоодон кийинки жагдай
Шайлоо жыйынтыкталгандан көп өтпөй Мадумаров «Мен макул эмесмин» деген чакырык менен бийликтин саясатына каршылыгын көрсөтүүсүн улантууда. Шайлоодон кийин саясатчы Орусиядагы мигранттар менен жолугушууларды өткөрүп келди. Талдоочулардын айтымында, Орусия аймагында иштеген кыргызстандыктар арасында Мадумаровдун салмагы жогору.
Бул сыяктуу көрүнүштөрдү эске алганда Мадумаров абдан жигердүү иш алып барып, кадыры өсүп жатат дегендер да жок эмес.
Сүрөттүн булагы, facebook
Расмий маалымат боюнча, Адахан Мадумаров соңку президенттик шайлоодо 110 284 добуш алганын, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 6,57 % түзгөн
Шайлоо жыйынтыкталганда, Мадумаров каражат сарптабай туруп, элден колдоо тапты деп куттуктаган Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз:
«Чынымды айтсам барган сайын Мадумаровго сыйым тереңдеп баратат. Анткени эч кандай трибунасы жок туруп, парламентке аракет кылды. Бирок партиясы өтпөй, кандайдыр бир бут тосуулар болду. Бирок ошого карабай саясатта өз ишмердигин токтоткон жок. Саясатта күрөш такай болуп келген. Саясатта күрөшкөн адамдар гана тарыхта аты калып, максатына жеткен. Эгер ушул калыбынан жанбай күрөшө берсе, экми парламенттик шайлоодо ал кишинин фракциясы да орун алып калышы толук мүмкүн»,- дейт.
Бирок ошол эле учурда Адахан Мадумаровду колунан иш келбеген, куру чечен катары баалагандар да жок эмес. Мадумаровду сынга алгандар сөзү менен иши дал келбеген саясатчы катары мүнөздөп жүрүшөт.
«Адахан Мадумаров көп учурда субьективдүү сүйлөйт. Реалдуу саясатка жакын эмес. Мурунку дагы, азыркы дагы өкмөттү көп сындайт. Бирок кайсы проблеманы кандай кылып чечүүнү бул киши таптакыр билбейт. Өз алдынча дагы, башкалар менен биригип дагы канча шайлоолорго катышты. Бирок Мадумаров кайда гана аралашпасын чеке жылытаарлык жыйынтык жок»,- дейт тарых илимдерини доктору, профессор Айнура Арзыматова.
Би-Би-Синин суроолоруна жооп берип жатып, Мадумаров ал өз ишмердигине мындай баа берди.
«Менин кылган кызматымды эл чечип эл баалашы керек. Жоргоку Кеңеште депутат болуп турганымда мыйзам жазуу жагынан 3-4 эле депутат ат салышчу элек. Депуттаттын милдети кетмен чабуу, шагыл төгүү же завод куруу эмес. Мен кызматымды эки эсе актадым деп айта алам. Аны Жогорку Кеңеш да айтып берет. Мамлекттик катчы кызматындагы эки ишиме ыраазы болом. Биринчиси, Айтматов баштап кийин токтоп калган эл аралык «Ысык-Көл» кинофестивалы аябай жанданганы. Экинчиси, жогрку окуу жайларда ректорду шайлоо дегенди токтотком. Себеби ректор шайлайбыз деп ЖОЖдор ашмалтайы чыгып калган»,- дейт Мадумаров.
Учурда Кыргызстандагы негизги оппозиционерлердин бири катары аты аталып жаткан Мадумаров өлкөдө нагыз оппозициянын барынан күмөн санай турганын, оппозиционермин дегендердин басымдуусу кызматтан кол жууп, тарынгандар экенин да кошумчалады. Ал ошондой эле мындан аркы кадамдары тууралуу айтып жатып, эл өз ыктыяры менен колдоп, чакырган аймактарда сөзсүз шайлоолорго катышаарын айтты. Бирок кандайдыр бир кызмат сунушталса, эл кызыкчылыгы үчүн деп иштей турганын да четке каккан жок.
Адахан мадумаров биография туулган кунун
№845 11-17-январь, 2019-жыл

– Бул маселени эки өңүттөн кароо керек. Биринчиден, Отунбаева жана парламенттеги фракция жетекчилери жеткен сабатсыздыгын көрсөтүштү. Мунапыс, ырайым бир адамдын суранычы менен кабыл алынбайт. Экинчиден, эгер билип туруп ушул кадамга барышса, анда элге жөн эле спектакль коюп коюшту. Муну популисттик кадам деп гана кабыл алуу керек. Элге адилеттүү, чынчыл болуп көрүнгүлөрү келишти десе болот. Коомчулукта “көрсө, булар адилеттикти талап кылып жаткан тура” деген ой жаралат. Анчалык чындыкты, адилеттикти издешсе, эмне үчүн түрмөдө жаткан башка саясатчыларга да ырайым сурашпайт? Бир адамды бөлүп кароо туура эмес, баарына тегиз мамиле жасалышы зарыл. Мисалы, Бекболот Талгарбеков башында турган топ, Дүйшөн Чотонов, Садыр Жапаров да саясий негизде камакта отурат. Мен кимдир бирөөгө жагуу же жамандоо үчүн эмес, калыстык үчүн ушуну айтып коюшум керек.
Мунапысты президент өз эрки менен бийликке келери менен жасашы керек болчу. Мен муну дээрлик 2 жылдан бери айтып келе жатам. Бир партиянын эмес, бүтүндөй элдин президентимин деген ишарат кылышы керек эле. Тилекке каршы, азыркы президент ага бара алган жок, барышы да мүмкүн эмес. Себеби өзү бийликке мыйзам бузуу менен келген. Мыйзам бузуу менен келген адам эч качан адилеттүүлүк орнотпойт.
– Президенттин “өзү суранса анан берем” дегенин кандай кабыл алдыңыз?
– Өзү суранса берем дегени – керкейүүчүлүк, өзүнүн маанилүү экенин баса көрсөтүү. Бүгүн түрмөдө отурган жигиттердин баары сабаттуу. Алар президенттен ырайым сурабай турганын айтып жатышат. Бул принципиалдуулук маселеси. Эгер ырайым сураса алар күнөөсүн моюнга алып, камчысын моюнга илип президенттин алдына ийилип барганга тете болот. Мунапыс бирөөнүн суранычын аткаруу үчүн эмес, адилеттүүлүк, калыстык, боорукерлик деген принциптердин негизинде жасалуучу иш.
– Адатта шайлоодон шайлоого жылган сайын элдин саясий аң-сезими өсөт, чыныгы татыктуулардын бийликке келишине жол ачылат деп айтылганы менен, иш жүзүндө тескери кетип жаткан жокпузбу?
– Туура, себеби элден пейил кетти. Ким экенибизди унутуп баратабыз. Алтыныбыздын баарын кытай компаниялары басып бүттү. Инвестиция десе эле кен казууну бетке кармашат. Инвестицияны завод-фабрика куруу, жол салуу менен деле ишке ашырса болот. Азыркы президентмин деген киши убагында пенсияны 11 миң сом, айлыкты 26 миң сом кылам деген, кана? Тескерисинче, түкүрүккө 5 жарым миң сом айып пул салынды. Шайлоодо таратылган миң сомдуктардын мисалында 5 добуштун баасы 1 түкүрүктүн айып пулун төлөөгө жетпеген заман келди деген сөздөр айтылууда. Бүгүн ар бир Кыргыз жараны күнөөбүздү моюнга алышыбыз керек. Ошондо гана “мындай кылган болбойт тура” деп бир силкинип, өзгөрүүгө бет алабыз.
«Супер-Инфо» гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу «Супер-Инфо» гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.







