акжолтой канатбек уулу биография и личная
Стали известны подробности ДТП, в котором погиб Акжолтой Канат уулу
Сын покойной поэтессы-импровизатора Майры Керим кызы — акын-импровизатор Акжолтой Канат уулу попал в дорожно-транспортное происшествие. От полученных травм он скончался на месте аварии.
По данным Turmush, он возвращался с праздничного марафона «Развитие села» из села Ак-Сай Болот Мамбетовского сельского округа Тонского района. На мероприятии присутствовали депутат ЖК А.Дюшалиев, аким района Д.Арпачиев, глава айыл окмоту И.Коокоров, местные певцы, частные предприниматели, сельчане.
Концертная программа продолжалась с 19:00 и до 22:00. После этого гостей, в том числе и Акжолтоя, пригласили в гости в селе Ак-Сай. В полночь, по некоторым данным, они выехали по направлению в город Бишкек.
Материалы по факту ДТП были зарегистрирован в ОВД Кочкорского района. Выехавшая на место оперативно-следственная группа установила, что грузовым автомобилем марки «North Benz» управлял житель города Балыкчы И.М., 1976 года рождения.
На 218 км автодороги Бишкек-Торугарт грузовой автомобиль в ночь с 10 на 11 ноября, примерно в 00:30 столкнулся с «Субару» под управлением жителя села Орток Кочкорского района А. уулу Ж., 1992 года рождения. Озвучивается, что на гололеде водитель не справился с управлением и выехал на встречную полосу.
В машине находились пассажиры — житель села Ормон-Хан Кочкорского района Ж. уулу К., 2000 года рождения, А. К. уулу, 1993 года рождения, [данные по месту проживания пока не установлены] и девушка азиатской внешности в возрасте 25-30 лет. Водитель и пассажиры погибли на месте ДТП.
Позже в ГУОБДД МВД факт гибели четырех граждан подтвердили. По предварительным данным, автомобиль «Субару» ехал со стороны Иссык-Кульской области в сторону Кочкорского района Нарынской области. Грузовая машина ехала со стороны Жумгальского района по направлению в Балыкчы.
Все собранные материалы переданы в следственную службу по ОВД Кочкоского района.
Акжолтой Канатбек уулу мындан 2 ай мурда үйлөнгөн. Ал сахнага «Раймалы» деген каймана ат менен чыкмак
Белгилүү төкмө акын, обончу Майра Керим кызынын баласы Акжолтой Канатбек уулу жол кырсыгына кабылып, 27 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Акжолтой Канатбек уулу ушул жылдын сентябрь айында сүйүктүүсү Изаард Канатова менен баш кошкон. Үй-бүлөлүк жашоого жаңы кадам таштаган жубайлар Кочкорго жентек тойго бара жатканда кырсыкка кабылган. Маркумдун кан досу Руслан Карыбеков SUPER.KG порталына досунун келечектеги пландары тууралуу айтып, анын кандай инсан болгонун эскерди.


Кырсык болгон күнү Акжол жана анын жубайы Изаард, Жоомарт, Кубат, дагы бир бала болуп Тоңдон келе жатышыптыр. Алар Кочкорго жентек тойго барышмак экен. Бирок тойго жетпей кырсыкка кабылышты. Мен ошол күнү Кочкордон Бишкекке келгем. Эмнегедир таңга маал уйкум качып ойгонуп кеттим. Ошондо мага каза болгон Жоомарттын номеринен Аскат деген бала чалды. Көрсө ал окуя болгон жерге барып, акыркы жолу кимдер менен сүйлөшкөнүн карап мага чалып жатыптыр. Биринчи укканымда ишенбей нес абалда туруп калдым. Таңга маалы мени эмнеге тамашаламак эле деп дос балдарга чала баштадым. Ошентип балдар чогулуп Кочкорго бардык. Акжолтой менен Изаарддын сөөгүн өлүкканадан алып чыгып Ысык-Көлгө алып кеттик. Ал эми Жоомарт менен Кубатты дагы айылдарына алып кетишти.
Кыргыз радиосунда 5 миң ыр бар болсо, анын ичинен 200гө жакыны Акжолтойго таандык болчу. Кыргыз эстрада ырчыларына ыр, обон жазуудан тышкары өзүнүн «Алчадай эриниңден», «Айтайынбы» жана башка бир топ сонун чыгармалары бар эле. Ырчы Курал Чокоев менен иштешип, сахнага «Раймалы» деген каймана ысым менен чыгайын деп «Бегимай, Бегимай» чыгармасын жаздырган.
Кыргыз эли дагы бир залкарынан айрылды. Бир боорумдан, эң жакын досумдан айрылып каным кайнап турат. Акжол, досум, мен сени эч качан унутпайм!».
Ал эми ырчы Курал Чокоев мына иштейбиз, ийгилик жаратабыз деп жатканда кырсык болуп кеткенин айтат.
«Мен продюсер болуп Акжолдун ырларын студиядан жаздырганбыз. Фотосессия жасаганбыз. Эки чыгармасы тасмага саундтрек болуп жазылган. Өзү дагы ошол тасмада роль жаратмак. Анан эле кырсык болуп кетти. Эми өзү болбосо дагы чыгармаларын көмүскөдө калтырбай, атын өчүрбөй жүрүшүбүз керек.
Акжолтой Канатбек уулу төкмө акын, ырчы жана актёр. Анын бир тууган эжеси жана агасы бар.
Акжолтой канатбек уулу биография и личная
№889 14-20-ноябрь, 2019-ж.

4 КЫРЧЫНДАЙ ӨМҮРДҮ АЛГАН КЫРСЫК
11-ноябрь күнү Балыкчы-Кочкор унаа жолунда катталган автокырсыктан 4 адам каза таап, 1 адам оор жаракат алгандыгы тууралуу кабар тараган. Анда Субару Импреза менен КамАЗ үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа кагышканы аныкталган. Бул автокырсыктан каза болгондордун бири айтылуу Майра Керим кызынын уулу Акжолтой Канатбек уулу, экинчиси анын жубайы Изаард Канатова болуп чыкты. Автоунаанын айдоочусу дагы бир чыгармачыл инсан Жоомарт Алмазбеков эле. Каргашалуу кырсыктан мерт кеткендердин бири – жаңыдан чыгармачылыкка кадам таштап, ырчылык өнөрүн эл сынына алып чыгып жүргөн Кубат Жетиген уулу. Ал эми жаракат алган жүргүнчү – Ырысбек Алибек уулу. Ырысбек дагы чыгармачыл чөйрөнүн өкүлү, жаш ырчы. Ал алган жаракатынын айынан Кочкор райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жаткандыгы маалым болду.

2006-жылдан бери айтыш өнөрүнүн сүйүүчүлөрү үчүн Акжолтой Канатбек уулу деген ысым аздыр-көптүр тааныш. Ал төкмө акын Майра Керим кызынын учугун улоочусу, көкүрөк күчүгү эле.
1992-жылы 20-майда республикалык деңгээлде айтыш өтүп, анда Майра Керим кызы менен Абдылда Нуралиев сахнада өнөр сынашып калышат. Айтыштын жүрүшүндө Абдылда акын мындай дейт:
“Жакшылык болсо себепкер, жеңе,
Сурагымды элеп көр.
Эртерээк Канат байкеме
Бир эркек бала төрөп бер”.
Анда Майра Керим кызы:
“Жакшылык болсо эгер себеп деген,
Сенин айткан буйругуңду элеп көрөм.
Канат байкең өз күчүндө турар болсо,

– Бул кырсык мага абдан катуу тийди. Акжолтой менен мамилем ага-ини катары эң сонун эле. Андан тышкары каза болгон жигиттердин бири Жоомарт дагы мага жакын болчу. Жоомарт бир аз убакыт менин жардамчым, айдоочум болуп иштеп жүргөн. Абдан жөнөкөй, сылык бала эле. Жакшы ырдачу. Жаңыдан ырларды жаздырып чыгармачылыкка кадам таштап жаткан. Акжолтойго болсо продюсер катары колдоо көрсөтүп жүргөм. “Бегимай” деген ырын жаздырып берип, жаңы фотосессияларды уюштуруп, мына-мына элге Раймалы деген каймана ат менен чыгарабыз деп жатканбыз. Акжолтойдун абдан көп пландары бар болчу, айла жок, Жараткандын пландары башка экен.

Асылбек Марат уулу, төкмө акын:
– Биз Акжолтой экөөбүз “Айтыш” фондуна бир убакта келгенбиз. Апасы 12 жашында ээрчитип келип, талантын таптай баштаган. Бул жаатта көптөгөн ийгиликтерди жаратып, баш байгелерди алып жүрдү. Кийин актёрдук чеберчилик боюнча Кыргыз-Түрк «Манас» университетинен билим алып, театрда да иштеди. Акыркы күндөрү актёрлук өнөрүнө ыктап, кино жаатында көбүрөөк иштеп жүргөн. Мындан туптуура 10 жыл мурда апасы Майра Керим кызы дүйнө салган эле. Өзү “апам” деп жүрөр эле. Апасын сагынып артынан издеп кеткендей эле болуп калды. Комузу да, домбрасы да колунан түшпөгөн чоң талант эле.

Сүйүн Откеев, режиссёр:
– Жаңы тасма тартуу үчүн кастинг өткөрүп жаткан маалда Акжолтой таланттуу жигит экенин айтып сунуштап калышты. Кабарлашып иштешүүгө чакыргам. Андай таланттын эмнеге элге атагы таш жарып чыкпай жүргөнүнө азыркы күнгө чейин түшүнө албайм. Ушунчалык сонун ырлары бар экен. Анын 2-3 ыры тасмада жаңырып, алардын бири саундтрек катары колдонулмак. Фильмди тартуу иштери жарымдап калган, анда Акжолтой баш каармандардын бирин ойноп, абдан сонун роль жаратып жаткан. Суук кабарды угуп, жалпы чыгармачыл топ нес болуп ыйлап отурат. Тасманын калган бөлүгү кандай болорун билбейм, бирок бул фильм Акжолтой Канатбек уулунун жаркын элесине арналат.

– Студент кезде кыска метраждуу тасма тартып, аны менен фестивалга барып калдым. Ошол жерден Акжолтой келип мени менен таанышып, колдоо сөздөрүн айткан болчу. Ошондон бери жакын дос болуп жүргөнбүз. Алтыным десе, достун мыктысы эле. Мүнөзү абдан шайыр, ичинде кымындай да кири жок жан болчу. Качан гана маанайым түшпөсүн ырларын созолонтуп ырдап, далыга чаап, “башты бийик көтөр, досум” деп колдоп турар эле. Үй-бүлө куруп келинчеги менен баш кошконуна 2 ай да боло элек болчу. Той бергенге камынып чуркап жүргөн. Айла жок экен, бүгүн минтип досумдан айрылып, уккан кулагыма ишене албай Ысык-Көлгө акыркы сапарга узатууга кетип баратам.

Руслан Карыбеков, маркумдун досу:
– Акжолтой экөөбүз 5 жыл мурда бир тойдон таанышып калганбыз. Кийин тааныштык мамилебиз достукка айланды. Быйыл күздө “өз адамымды таптым, үйлөнөм” деп калды. “Руслан мени кыздардан да кызганат” деп тамашага салып аяшым Изаард менен тааныштырган. Изаард өзү Токтогулдун кызы. Бирок ата-энеси борбордо турушат экен. Экөө баш кошушуп, Көк-Жар конушунда жашап жатышкан. Ал жакка көчүп барышканда да менин үйүмдө турган буюмдарын жеткирип барып келгем. Кырсык болордон 3-4 күн мурда Акжол мага чалып “гитара чертип Көлгө концертке барып келбейлиби” деп калды. Мен анда Кочкордо болчумун. Кырсык болгон күнү алар Тоңдон Кочкорго жентек тойго бара жатышкан экен. Ошол каргашалуу таңда негедир кабатырланып уйкум качты, аңгыча мага маркум Жоомарттын номеринен чалышып, суук кабар беришти. Кочкорго барып өлүкканадан досум Акжолтой менен анын келинчеги Изаарддын сөөгүн өз көзүм менен көргөнгө чейин ишене алган жокмун.


– Кубатты туугандар арасында эч ким толук атынан атачу эмес, “Кубчик” деп коёр элек. Анын атасы менен менин апам бир тууган. Кубчик аябай жароокер, жайдары, эч кимге эч качан каяша айтпаган ушунчалык жакшы адам болчу. Көргөн жерден кучактап алып коё бербеген адаты бар эле. Эч качан кабагын салып жүргөнүн көргөн жокмун. Өтө таланттуу бала болчу, көптөгөн музыкалык инструменттерде ойночу, жаңыдан ырларды жаздырып жүргөн.
“Супер-Инфо” гезитинин жалпы жамааты каза болгондордун бардык жакындарына, ырчы, комузчу Аскат Жетигенге, дегеле кыргыз элине терең кайгыруу менен көңүл айтат.
ВИДЕО. Трагическая история любви Акжолтоя и Изаард, погибших в ДТП
Супруги Акжолтой Канатбек уулу и Изаард Канатбекова погибли в автокатастрофе.
Подруга матери Изаарды — Саида Максимова рассказала о них, передает Turmush.
По ее словам, Изаард родилась 13 ноября 1996 года, а Акжолтой — в 1993 году. Он был акыном-импровизатором, певцом и тамадой. У него остались отец и сестра.
Родители Изаарды живут в городе Бишкек. В семье она была старшей из 3 детей — есть брат и сестра. Она отучилась на учителя начальных классов.
«Акжолтой и Изаард познакомились в соцсети. Через 2-3 месяца поженились. 19 сентября Акжолтой приехал с отцом, сестрой, друзьями и забрал Изаард по кыргызским традициям. Тогда был и водитель, который тоже погиб. Он был тамадой. Отец и сестра Акжолтоя нам очень понравились своей простотой. Молодожены планировали провести свадебное торжество весной следующего года. Родители Изаарды очень хорошие люди. Она была веселой и умной девушкой. Всегда нас хорошо встречала. Когда увидела Акжолтоя и Изаард вместе была поражена их сходством. Акжолтой хорошо пел и играл на гитаре. Недавно приезжали поздравлять сестру с днем рождения. Мы все были рады их счастью», — говорит она.
Женщина отметила, что Акжолтой с уважением относился к родителям жены.
«Помню, праздновали день рождения матери Изаарды. Они пришли вместе, но Акжолтой постеснялся и не стал заходить в дом. Он передал фотомозаику. Акжолтой был спокойным и никогда не говорил о своей популярности. Родители Изаарды очень любили ее. Она была близка к отцу. В последний раз не отходила от отца. Отец ее баловал. Однажды Изаард похвасталась маникюром. Тогда Акжотой сказал, что счастлив, когда видит ее. Он всегда ее брал с собой. На посиделках всегда пел нам свою песню «Бегимай», которую посвятил своей жене. К сожалению, произошла такая трагедия. Они похоронены в день рождения Изаард. Нам остается только молиться» — заключила она.
Түнкү кырсык: Төкмө акын Акжолтой Канат уулу жубайы жана эки досу менен кошо каза тапты
Төкмө акын, актёр Акжолтой Канат уулу Балыкчы — Кочкор автоунаа жолундагы кырсыктан каза болду. Кырсыкка учураган машиненин ичинде бараткан беш киши автокырсыкка кабылып, төртөө көз жумду. Жүргүнчүлөрдүн бири учурда Кочкордогу ооруканада эсине келе албай жатканы кабарланган. Акжол Канат уулунун жанында жубайы да болгон. Машинени кочкорлук ырчы жигит Жоомарт Алмазбеков айдап бараткан. Баштапкы маалыматка ылайык, машине жаӊы жааган каарга тайгаланып, айдоочу машинени башкара алабй, көмүр ташып келатка оор жүк ташуучу унааны сүзгөн.
Алар 10-ноябрда Тоң районунун Б.Мамбетов айыл аймагына караштуу Ак-Сай айылында түшүм майрамы менен биргеликте «Айылды өнүктүрүү» аталышындагы марафонго катышкан.
Акжолтой Канатбек уулу акыркы жолу сахнада …
Иш-чарага маркумдардан тышкары Ак-Сай айылынан чыккан белгилүү инсандар, ырчылар, актёрлор, жеке ишкерлер жана айыл тургундары катышкан.
Концерттик программа саат 19:00дө башталып, саат 22:00гө чейин уланган. Келген коноктор Ак-Сай айылында конок болуп, Кочкорго тойго жөнөп кетишкени айтылууда.
Акжолтой Канат уулу таанымал төкмө акын маркум Майра Керим кызынын уулу болчу. Ырчы катары бир нече республикалык айтыштарга катышып алдыңкы орундарга ээ болуп жүргөн. Акындын үйлөнгөнүнө эки гана ай болгон. Быйыл ал 26 жашка чыккан. Анын апасы, айтылуу төкмө акын Майра Керим кызы 2009-жылы 48 жашында каза тапкан.






