айгерим расул кызы биография
Айгерим расул кызы биография
№983 7-13-октябрь, 2021-ж.

– Айгерим, жакында 30 жашка толосуң. Кандай сезимдер болуп жатат?
– Сонун сезимдер болуп жатат. Акыл калчап калган куракка келгениме кубанып жатам. Бардык чечимди болбосо да, көбүнчө чечимдерди өзүң кабыл алып, эркин болуп калат экенсиң (күлүп). Туура же туура эмес кылганымды билип, алдыга карай туура кадам жасаганга акылым жетип калды. Мага булардын баары аябай жагып жатат. Ошондуктан 10 жыл артка кайтуу мүмкүнчүлүгү берилсе баш тартмакмын.
– Кыялдарың ишке ашыптырбы? Эмнелерди кыялданчу элең?
– Көптөгөн кыялдарым ишке ашыптыр. Эң башкысы ата-энем, үй-бүлөм, жолдошум, кайын журтум жанымда. Азыр ойлосом, кол жете турган, жашоодо өтө маанилүү эмес нерселерди эле кыялданыптырмын.
– Имиджиңди өзгөртөйүн деген ой барбы?
– Кээде чачымды сары түскө боёгум келет. Бирок элим үчүн ушул образ менен Айгерим Расул кызымын. Башка образда чыга калсам түшүнбөй калышат го. Жарашпай да калсачы? Өзүмө узун чачым жагат. Анын үстүнө кыргыздар кара чачтуу айымдарды баалайт. Кийинчерээк күрөң түскө боёшум мүмкүн, бирок кеспейм (күлүп).
– Келбетиңе кам көрүү үчүн спорт менен машыгып, диета кармайсыңбы?
– Сен үчүн идеалдуу аял ким?
– Апам. Ал күчтүү, сабырдуу. Бардык жакшы сапаттарга ээ айым. Анда аял гана эмес, мырзанын сапаттары да бар. Ошол сапаты мага да жуккандай.
– Кандай аялдар эрте картаят же дайыма жаш көрүнүп жүрөт?
– Көп жинденген аялдар бат картаят. Каттуу стресс болгондо бир күндө эле картайып кетишиң мүмкүн. Андыктан кайгырып, болбогон нерселерге нерв корото бербеш керек. Жадырап-жайнап күлүп жүргөн, жүрөгүндө сүйүү жашаган айымдар жаш көрүнөт.
– Өзүңдү баалаганды билесиңби?
– Өзүмдү баалаганды да, өз ордумду да билем. Башкаларды да баалай алам. Биринчи кезекте айымдар өзүн сүйүп, баалап, кам көрүп турушу зарыл. Биздин айымдар өзүн экинчи планга коюп, эс албай, бала-чака менен алпурушуп жүрө беришет. Андыктан бир саат болсо да өзүнө убакыт тапса болот. Мырзаларды катуу сүйбөш керек. “Сени сүйөм, күйөм” деп артынан чуркабай, аралыкты кармасаң мырзаңа кызыктуу болосуң. Башкага акыл айтып үйрөткүм келбейт, болгону берилген суроого жообумду айттым.
– Бул чечимге кантип келдиң?
– Башынан эле ушундаймын. Себеби мырзалар жаратылышынан мергенчи болушат. Дайыма сүйүүң менен тажата берсең кызыктырбай каласың. Албетте, “сүйөм, алтыным, жаным” деш керек. Бирок чеги менен. Мырзаңды сүйсөң да билдирбеш керек. Анткени бааланбай калышың мүмкүн.
– Турмушка чыкканыңа 7 жыл болуптур. Жылуу мамилени сактап калуу үчүн эмне кылыш керек?
– Бири-бириңди түшүнүп, колдоп турушуң керек. Үй-бүлөнү сактоо бир гана айымдын жоопкерчилигинде эмес. Эки тарап тең аракет кылышы зарыл. Жаңы баш кошкондо “үй-бүлөдө ким башчы?” деген күрөш болот экен. “Мен күчтүүмүн, сени басам” деп турасың. 2 жылдан кийин бири-бириңе ийилип калат экенсиң. Бирок мен “бийлик менде болсун” деп күрөшкөн жокмун. Ичимден “макул, бийлик сенде, бирок менде да бир аз бар” деп турам. Негизи бийлик бизде да бар, бирок сыр бербеш керек ( күлүп ).
– Жолдошуңа катуу таарынганда баарын жыйыштырып кетип калгың келгенби?
– Казан-аяк бизде да кагышат, кагыша да берет. Бул нормалдуу көрүнүш. Пенде болгондон кийин идеалдуу эмеспиз. Кээде бири-бирибизди түшүнбөгөн учурлар болот. Бирок экөөбүз тең көк бет эмеспиз. 5 мүнөт эле таарынам. Ал дагы тултуңдабайт. Күлүп-жайнап кайра эле сүйлөшө беребиз. 1-2 күн сүйлөшпөй койгон бизде болбойт. Түшүнбөстүк болгон кезде да кийимин үтүктөп, чай берип жүрө берем.
– Айрым күйөрмандар “балам сен сыяктуу эл адамы болсун, оозуна түкүрүп койчу” деп ырчыларга түкүрттүрөт экен. Сенде да ушундай болду беле?
– Ооба. Бирок түкүрбөйсүң. Бетинен өөп, кучактап коёсуң.
– Сахнага чыгарда кандай ырым-жырым колдоносуң?
– Колумду сахнага тийгизип, “элдин көңүлүнө толгудай ырдай берейин, оомийин” деп бата кылып чыгам.
– 10-октябрда жеке концертиңди бергени жатасың. Даярдыктар кандай?
– Турмушка чыккандан бери жеке концерт бере элекмин. Концерт коюу оңой эмес. Терең ойлонуп, өзгөчө шоу жасаганга аракет кылыш керек. Эки жыл катарынан “Жылдын ырчы айымы” наамын алдым. Отчёттук концертимди берүү убактысы келди. Акча табуу максатында эмес, элдин көңүлүн алуу үчүн уюштуруп жатам. Ушул концертим көрүүчүлөргө жагып, кийинки жылдары эл концертимди күтө тургандай деңгээлде берейин деп турам. Учурдан пайдаланып концертимдин уюштуруу иштерине чуркап жүргөн продюсерим Назира Бактыбековага ыраазычылык билдирем.
Концерттик турне менен 7 дубанды кыдырабыз. Кийинчерээк айылдарды кыдырууну да пландап жатабыз. Биринчи концерт Бишкекте өтөт. Баса белгилеп кетчү нерсе, Баткенде бекер коёбуз. Анткени чек ара чырынан жабыр тарткан мекендештерибиздин маанайын көтөрүү ар бир атуулдун милдети. Концерт стадиондо болот.
Мен Бейонсе, Шакира, Майкл Жексон, Женнифер Лопес өңдүү дүйнөлүк ырчылардын концертине суктанчумун. Тилекке каршы, бизде дүйнөлүк деңгээлдеги концерттик залыбыз жок болгондуктан асмандан учуп түшө калуу мүмкүн эмес экен. Ошого карабастан өзгөчө концерт бергенге аракет кылып жатабыз. Биз да келечекте дүйнөлүк деңгээлдеги концерттик залга жетебиз деп үмүттөнөм.
– Тилектер орундалсын. Концертиң ийгиликтүү өтсүн!
«Супер-Инфо» гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу «Супер-Инфо» гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Айгерим расул кызы биография
№944 7-13-январь, 2021-ж.

“МЕНИН ИДЕАЛДУУ АТАМ. ”
– Жашоодо адам болуп калыптанышыма атамдын ролу чоң. Чыгармачылыкка болгон табитим, мүнөзүм атама окшош. Бир сөз менен айтканда, атам мен үчүн – хан. Ал мени эркек баладай намыскөй кылып тарбиялады. Ошондон уламбы, ата-энемдин алдында өзүмдү эркек баласындай көп нерсеге милдеттүүдөй сезем. Атанын мээрими менен чоңойгон кыз бала бактылуу болот деп коюшат эмеспи. Атам мээримден өксүтпөгөнү үчүн бактылуумун. “Эгерде сеники туура болсо эч качан артка кайтпа, өзүңдүкүн бербе.

“АПАМА КЫЛГАН МАМИЛЕСИНЕ КӨҢҮЛҮМ ЖЫЛЫЙТ”

Мен атамдын апама кылган мамилесин идеалдаштырып алганым үчүн жолдошумдан ошондой мамилени күткөм, анын мүнөзүн издегем. “Мен эркекмин, сен аялсың” дебейт. Үйдө тең укуктуулук бар. Апамды колдоп, көңүлүн алып “кемпир, мен чай коюп койдум, жүрү, чай ичели” деген жылуу мамилесин көрүп ичим жылыйт.
Турмушка чыкканга чейин атам менен сырдашчу элем, үй-бүлө кургандан кийин көп нерсени эркек кишиге айта албай калат экенсиң. Азыр сырымды апама айтып, кеңешем. Сыртынан билинбегени менен, эркек кишинин көңүлү назик болот тура. Атам мен жөнүндө ойлонуп, капа болуп калбасын деп аяп турам.
Чынын айтсам, ата-энем чийген сызыктан чыккан жокмун. Бардык чечимди ата-энемдин макулдугу менен кабыл алып келгем, азыр да, кийин да ошондой болот.

– Турмушка чыгарда жолдошума “чыгармачылыкты таштабайм, улантышым керек. Буга көнсөң гана сага турмушка чыгууга макулмун” деп башында эле сүйлөшүп алганбыз. Көп учурда мырзалар айымдарын кызганып эл алдына чыгаргысы келбейт. Мен дагы ошондой болбосун дедим. Кыз киши атасына окшош мырзаны издейт экен. Жолдошум атама окшош. Ак көңүл, ичинде кири жок адам. Акыркы акчасын деле кармата салган берешен жигит. Ал мени биринчи көргөндө эле “жубайым болот” деп элестетиптир. Менде жолукканда эле андай сезим болгон эмес. Анын чын жүрөктөн кылган мамилесин, чыныгы эркектик сапатын бааладым. Жолдошум артымдагы тыл, балдарымдын мээримдүү атасы, менин сүйүктүү мырзам.
“10 БАЛАГА ТЕТЕ ШОК БАЛАМ”
– Уулум Элмырза 2 жашка толду. Жашоомдогу кичинекей мырзамдын көк беттиги жанда жок, шок бала. Үйдү үч көтөрүп чачканда атам “сенин балаң 10 балага тете, аябай шок” деп калат. Балдарыбыздын келбети, баскан-турганы кайнатама куюп койгондой окшош. Өзгөчө Элмырзанын мүнөзүн окшоштурам. Ошол себептен кайнатамды өз атамдай жакшы көрөм. Атам ак көңүл, эмгекчил, өз ордун билген, бир сүйлөгөн кыйын инсан. Ал заманбап киши, баарына көзү жетип, түшүнүп турат. Ар бир кыздын кайнатасы меникиндей болсо деп тилейм.
Айгерим расул кызы биография
№509 3-август-9-август, 2012-ж
Өзүн ырчы, актриса жана режиссёр катары сынап жүргөн шоу-бизнестин дагы бир өкүлү Айгерим Расул кызын маекке чакырдык. Көптөн бери сахнада көрүнбөй калган маектешим бул ирет ачылып сүйлөп берди.
– Айгерим, бир кезде атың чыгып, жаштар “дискотека түнкү Бишкекте” деп ырдап калышты эле. Акыркы кезде андай хит ыр укпай калдык.
– Азыр кино тартуу менен алек болуп жүрөм. Ырчылыкты таштаган жокмун. Тескерисинче, мени акыркы убакта тойлорго көп чакырып жатышат. Ошко кино тартканы бардык эле, күнүнө 2-3 тойго чакырылып жатып, акырында операторум “кино тартканы келдикпи же сени тойлорго ырдатканы келдикпи?” деп уруша баштады.
– Ошко барганыңдан пайдаланып, биротоло алып калалы дегендер да четтен чыкса керек?
– Андайлар бар. Бирок мага азырынча эрте. Көп нерсе жасашым керек. Мен эркектей ойлоном да. Ата-энеме жардам берип, бутума тургандан кийин гана турмуш курам.
– Анда болочок жолдошуң бутка туруу керек деп ойлонбой деле койсо болот экен да?
– Жо-ок, ойлонушу керек. Ал да аракетчил, тапкыч, иштерман болушу зарыл.
– Күйөрмандарыңдын кылык-жоруктарын ата-энең жакшы эле түшүнүшөбү?
– Негизи, күйөрмандардын көбү менин жаныма басып келүүгө духу жетпейби, коркобу же тоготпой коёт дейби, айтор, менден алыс өтүшөт. Жаныма келгендер бар. Бирок алар да тартынып араң сүйлөшөт.
– Кино тартып жатасың, актрисалыкка, ырчылыкка да аралаштың. Кандай кыялдарың бар?
– Эң башкысы, бактылуу болсом дейм. Анан кинолорумду тартып алышым керек. Мен тарткан кинону бир адам көрүп жылмайып койсо, ата-энем мен кылган иштер менен сыймыктанса, сүйүүмө жетсем, ошол бакыт. Атымды эмес, өзүмдү чындап сүйсө, ошол да бакыт.
– Атың үчүн сүйгөндөр көп болгон го?
– Кээде өзүмдү же атымды сүйүп жатканын түшүнбөй деле калам. Адамдардын мени тааныбай туруп мен жөнүндө сөз чыгаргандары жакпайт. Сыртымдан көрүп, көптөр бой көтөргөн кыз деп ойлошот. Ким мага кандай мамиле жасаса, мен да ошондой мамиле кылам. Жөнөкөй болсо, мен да жөнөкөймүн. Мага кыйын болгондорго мен андан он эсе кыйын болом.
– Керек кезде “Айгерим, Айгерим” деп, иши бүткөндө артты карап басып кеткен адамдарга жолуккансыңбы?
– Жаңы чыгып жатканда ишенчээк болчумун. Баарын өзүмдөй көрүп, мени бирөө жамандайт деп такыр ойлочу эмесмин. Азыр артымдан сүйлөгөндөргө капа болбойм. Жөн гана ал адам кандай экенин билип калам. Бирок кайра эле ошол адамдын жакшы жагын издей берем.
– «Айгеримди ала качып кетиптир» дегенди угуп калдык эле.
– Негизи, менин дарегиме ушактар көп айтылат. Деги эле ушактар ханышасы болуп кеттим. «Айгерим арабга тийиптир, Расул андан мынча калың алыптыр» деген сыяктуу сөздөр чыга берет.
– Андайларга көнүп калсаң керек?
– Ооба, көнүп калдым. Эки Айгерим жашайт да. Бирөө өзүм, бирөө элдин айткан сөздөрүндөгү Айгерим.
– Сени ачык кийинет деп да көп сындашат.
– Мен кийген кийимди башка ырчы кыздар деле кийип жатышат. Чындыгында, менин боюм, бутум узун. Ошондуктан мен кийген кийимдер көрктүүрөөк көрүнөт. Бул мактаныч эмес, болгонун айтып жатам. Шоу-бизнесте кийимде чек жок. Бир гана турсий, лифчикчен чыкпасаң болду. Башкалар ошону менен деле чыгып жатышпайбы. Мен көп болсо кыска юбка, чыгыш костюмун кием. Негедир башкалар кийсе көрбөйт да, мени эле көрө беришет. Кыргыз улуттук кийимдерин деле көп кием. Аны эч ким сөз кылбайт. Ар бир адамдын өз ою бар. Менин да өз оюм бар. Кийимдеримдин баары өзүмө жагат.
– Көрө алышпайт деп ойлойсуңбу?
– Көрө албайт деп айтпайм. Бирок мага көп асылышат. Эл шоу-бизнестеги кыздардын кимиси кайсы чоңдор менен жүрүп, машина, үй алдырып жатканын да билет. Бирок негедир жаш болсом да өзүм эмгектенип, ата-энеме жардам берип, түз жүргөн мени эле жамандай беришет. Эгерде ушунчалык эле кимдин ким экенин билгилери келишсе, кыргыз шоу-бизнесиндеги кыздарды чогултуп гинекологиялык экспертиза өткөрөлү. Мен андай нерсеге даярмын, макулмун. Биринчилерден болуп катышам. Ким катышпайм десе, ошондо гана кимдин ким экенин биле аласыздар деп ойлойм.
– Шоу-бизнесте атаандаштарың барбы?
– Мен антип ойлобойм. Бирок мен “Шоу-бизнес сулуусу” наамын жеңип алганда атаандаштык бар экенин байкадым. Баары чогулуп турган жакка барып калсам, мени деп калышты. Сүйлөйүн деп жатсам, кыздардын баары эшикке чыгып кетишти. «Ушундай да болот экен да» деп таң калдым. Эгер башка бирөө жеңип алса, мен ошол кызды куттуктап жанында турмакмын. Мени менен курбу болуп жүргөндөр да унчукпай коюшту. Ушунчалык ичи тардык, көрө албастык бар экенин ошондо көрдүм.
– Сени «Расул Маматкуловдун кызы эмес» дегендерге жообуң кандай?
– Бир жолу Казакстандан “сен менин кызымсың” деп бир олигарх келген. Анын Айгерим деген кызы кичинекей кезинде жоголуп кетиптир. Анан дисктерден мени көрүп калып, интернеттен издеп, сураштырып мени таап келип, “алып кетем” деген. Ишенген жокмун. Мен билем да, кимдин кызы экенимди. Мен Расул Маматкуловдун кызымын.
– Өзүңдү сулуумун деп ойлойсуңбу?
– Сулуумун. Көпчүлүк “ички дүйнөсү сулуу болуш керек, сырткы сулуулук маанилүү эмес” дей беришет го. Аларга азыр ким ишенет? Түрү суук бирөө менен ким сүйлөшөт? Азыр жашоо ушундай. Ичи чирип калса да, сырткы турпаты сулуу болгон адамдарды карашат.
– Сөздү спорт тарапка бургум келип жатат. Спортчу мырзалар жагабы?
– Ар бир мырза спортчу болушу керек. Ал эми аялзаты тактадан айырмасы жок болбой, ийилчээк болуу үчүн бийди үйрөнүп алышы керек. Баягыда айылга барганда бир эженин уй саап отурганын көрүп калып, мен да саап көрөйүн дедим. Эртеси колдорум ооруп калыптыр. Ал да спорт экен да. Анан да “эже, сүрөткө тартып коюңузчу” десем, “эл сени менен сүрөткө түшүп жатса, сен уй менен сүрөткө түшөсүңбү?” деп күлдү.
– Кел, кичинекей кездеги сүйүү окуяларыңдан эстейли да, маегибиздин аягына чыгалы.
– Мектепте эркек балдарга окшоп жүрчүмүн. Бир жолу 14-февралда бирөө мага кат жазыптыр. Мен аны сабап салгам. Кийинки жылы 14-февралда мага эч ким кат жазбай калган. Ушул убакка чейин сүйүп көрө элекмин. Бирок сүйүүгө аябай ишенем. Келечекте чоң сүйүүгө кабылгым келет.

№662 10-июль-16-июль, 2015-ж
Былтыр 31-августта концерт-той менен турмуш жолуна аттанган Айгерим Расул кызы 2-июлда кыздуу болду. Ырчыны жолдошу Азамат лимузин менен төрөт үйүнөн чыгарып кетти. Эне болуу бакытына элжиреп турган Айгерим менен азыноолак маектештик:
– Айгерим, эне болушуң менен куттуктайбыз! Кандай сезимдер болуп жатат?
– Рахмат, эне болуу бактысын буюрган Кудайга миң мертебе шүгүр. Сезимдерди сөз менен жеткире албайм го. Дүйнөдөгү эң бактылуу адаммын десем болот.
– Төрөт учурунда жубайлар бирин-бири колдоп чогуу болушу керек дешет.
– Ай-күнүм жакындаганда жолдошум «ошол жактан төрөп, апаңдын, доктурдун көзөмөлүндө бол» деп Бишкекке жиберген. Өзү жумушуна байланыштуу Ошто болчу. Толгоом башталганда эле апам төрөт үйүнө алып келди. Кыйналганымды көрүп жүрөгү оорубасын деп апамды чыгарып жибердим. Кызым 4 килограмм 200 грамм салмакта болсо да төрөтүм жеңил өттү.
– Кызың кимге окшош, атын ким деп койдуңар?
– Кызым атасынын эле көчүрмөсү. Атын болсо чоң атасы Ханбийке деп койду. Чоң атасы менен чоң энеси бизди төрөт үйүнөн чыгарарда жумуштарына байланыштуу келе алышпады. Кайнеже, абысындарым менен жолдошум барып чыгарып келди. Эми кыркыбыз чыккычакты бул жакта болобуз, таенеси батыраак торолсун деп күнүгө жуунтуп жатат. «Кызың торолуп, өзүң тыңып калганда кыркыңарды чыгарып, конушуңарга жеткирип берем» дейт.
-Бала багуу кыйын эмес бекен?
– Билбейм, азыр мага баары түшүмдөгүдөй болуп жатат. Төрөгөндө энелик мээрим ойгонуп, автоматтык түрдө эле баарына даяр болуп калдым. Кызымдын жалаягын которуп, эмизип, бала жытына мас болуп турам. Үйдө «мен көтөрөм, мен алам» деп баарыбыз талашып жатабыз. Кызым кичине кыймылдаса, көзүн ачып койсо эле жүрөгүм элжиреп болбой калам.
– Эмнеге талгак болдуң, фигурам бузулат деп чочулаган жоксуңбу?
– Көп деле талгак болгон жокмун, «шоро» ичким эле келе берчү. Ал эми фигурам бузулат деп эч корккон жокмун. Болгону баламдын ден соолугу чың болуп төрөлсө экен деп тиледим. Ошондуктан балага витамин болот деп организмим каалаган нерсени жеп жаттым. Бирок кызым тың, балбан болчудай болуп төрөлдү.
– Маегиңе рахмат! Ханбийкенин өмүрү узун болсун.
Эксклюзив: Айгерим Расул кызы эне болду
«Супер-Инфо» гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу «Супер-Инфо» гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.