айпери кубик кызы биография
Айпери кубик кызы биография
№446 20-26-май, 2011-жыл
“Калп тапкычтын сыноосуна түшөсүң” деген сунушубузга башында тайсалдап жатып араң макул болгон Айпери эмнеден коркту? Ырчынын кайсы суроолорго кан басымы көтөрүлгөнүн чогуу байкайлы.
Өзүңдү жылдызмын деп эсептейсиңби
Айперинин комментарийи: – “Төбөң көккө жетсе да, бутуң жерде болсун” деген принципте тарбиялангам. Канчалык жылдыз болбо, бардык адамдардын катарындасың. Ошону биле жүрүшүбүз керек.
Атаңдын жардамысыз ушул деңгээлге жетет белең?
Айперинин комментарийи:
– Эгер атамдын аты-жөнү кыргыз элине сиңбесе, балким, менин ырчылык талантым ачылмак эмес.
Дүйнөлүк деңгээлдеги жылдыз болууга аракет кыласыңбы?
Айперинин комментарийи:
– Калп тапкыч калп айтып жатат! Өзүмдүн элиме эле татыктуу ырчы болуп алайынчы. Балким, жан дүйнөм ошону самап жаткандыр.
Көпчүлүк сенин мүнөзүңдү жактырышпайт экен, чыргоо деп, бул чынбы?
Айперинин комментарийи:
– Чынында, мүнөзүм начар. Ушунун айынан үйдө жаңжал көп чыгат. Бир сөз менен айтканда, көк бетмин. Кылам дегенимди көгөрүп отуруп кылам. Мына кечээ эле апам менен ушул кыялымдын айынан чарт-чурт этише кеттик. Бир туугандарыма да кыялымды көрсөтө берем.
Сени шоу-бизнес бузду деп ойлойсуңбу?
Айперинин комментарийи:
– Биринчиден, сабак калтыра берип окуумдан начарлап кеттим. Мектепте жалаң бешке окучумун. Экинчиден, эч кимге ишенбей калдым. Куулукту, ар кимге өзүнө жараша мамиле жасаганды үйрөндүм. Чынын айтсам, бул чөйрөдө карышкыр болуп калат экенсиң.
Сүйүктүү адамыңды таптыңбы?
Айперинин комментарийи:
– Апей, мен ал жигитти сүйөм деп ойлоп жүрбөймүнбү.
Эркектерге жагынуу максатында сексуалдуу кийимдерди кийдиң беле?
Айперинин комментарийи:
– Фигурам келишип турганда кийчүмүн.
Эгерде сүйгөн жигитиң жарандык никеге турууну сунуштаса,
макул болот белең?
Айперинин комментарийи:
– Бул биздин менталитетке жат нерсе. Жок жана дагы бир ирет жок демекмин.
Өзүңдүн күнөөңдү бирөөгө шылтай салган адатың барбы?
Айперинин комментарийи:
– Бир нерсеге күнөөлүү болсом, мобул башым менен эле жооп тартууга даярмын.
Сени жигиттер таштап кеткен учурлар болду беле?
Айперинин комментарийи:
– Эми сүйлөшүп жүрүп ажырашып кеткен учурлар болгон. Мен бир адамга байланып калсам, алсыз болуп калам. Анан катуу ойлоно берем. Балким, ушундан улам жан дүйнөм ооба деп жаткандыр.
Акча үчүн атаң менен урушкан учурлар болду беле?
Айперинин комментарийи:
– Болбой эле койсунчу.
Сени көп сөгүнөт дешет, чынбы?
Айперинин комментарийи:
– Чынында, көп сөгүнөм. Айрыкча машина айдап баратканда, оуу.
Айперинин комментарийи:
– Операция болгондон кийин арыктап кеттим. Көйнөк кийсем жарашпай, бир аз толсом деп аракет кылып жатам.
Кримчөйрөдө досторуң барбы?
Айперинин комментарийи:
– Ооба, байкелер бар. Алар чалып ден соолугумду, иштеримди сурап турушат.
Эгер ушул чөйрөдөгү адам колуңду сураса макул болот белең?
Айперинин комментарийи:
– Бул чөйрөнүн адамдары үй-бүлө тууралуу ойлонбойт деле окшойт. Менин ошол тааныш байкем жашы өтүп баратса да, үй-бүлө тууралуу кеп козгобойт.
Популярдуулук үчүн чачыңды кырдырып салышың мүмкүнбү?
Айперинин комментарийи:
– Киного тартыл деген сунуш түшүп, образым ошондой болуп калса, кырдырмакмын, “запросто”.
Суроолорубуздун кээ бирлери Айпериге оор болдубу же сессия тапшырып жаткандыктан чарчаганбы, айтор, жыйынтыктоо сөзү “ох-хх!” деген үшкүрүк болду.
«Супер-Инфо» гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу «Супер-Инфо» гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Айпери кубик кызы биография

– Айпери, чындыкты айтууга убакыт келдиби? Ажырашып кеткениң чынбы?
– Ооба, жолдошум менен ажырашып кеткениме 10 ай болду. Кичине убакыт өткөн соң ачыктайын деп ойлогом. Бирок элге тарап кеткенден кийин тастыктап коёюн деп чечтим.
– Ажырашууга эмне себеп болду?
– Себебин билбейм го. Кудайдын буйругу экен. Ажырашып кеткендерден биринчи же акыркы эмесмин. Ажырашуу көп болуп жатат. Болгону алардын катарына кошулуп калганым өкүнүчтүү болду. Үй-бүлөнү сактап калууга болушунча аракет кылдым. Бул окуяга эч кимди күнөөлөбөйм, эч кимге капа эмесмин. Тагдырыма жазылганын көрдүм.
– Ырчылыгың себеп болгон жокпу?
– Чыгармачылыгым эч кандай себеп болгон жок. Тескерисинче, ырчылыгым акча табууга жардам берди.

– Азыр ортобузда эч кандай мамиле жок.
– Баланы көрсөтүүгө каршы болгон жоксуңбу?
– Мен каршы боло турган адамдардан эмесмин. Өзү катташпайт, бала менен иши жок. Алимент төлөбөй жатат. Анын деле кереги жок деңизчи. Ата-энем бар, өзүм багып алам. Уулум – менин бактым, чыгармачылыгыма эргүү, жашоомо стимул берип жатат.
– Кандай пландар бар?
– Баламды татыктуу чоңойтуп, бутуна тургузуп, өзүмө үй алам. Азыр ошол кыялыма жетүүгө болгон күчүмдү жумшап жатам.
– Азыр жеке жашооңдун абалы кандай?
– Жеке жашоого көңүл бурганга убакыт жок. Эркектерге да ишенбей калдым. Балким, кийин мени бактылуу кылган адам жолугаттыр.
– Маегиңе рахмат, тилегиң орундалсын, бактылуу бол!
«Супер-Инфо» гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу «Супер-Инфо» гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Белгилүү ырчы Айпери Кубик кызы жоолук салынганынын себебин айтып берди
Мындан 4 кун мурун белгилүү эстрада ырчысы Айпери Кубик кызы инстаграмдагы баракчасына ислам динине ылайык жоолук салынганы тууралуу чечимин өз аудиториясы менен бөлүшкөн. Биз Айпери айым менен байланышып, бул тууралуу кененирээк маектештик.
— Ассалам алейкум, Айпери. Ислам дининин парздарынын бирин аткарыпсыз. Жоолугуңуз кут болсун! Бул чечимиңиз тууралуу кененирээк айтып берсеңиз?
— Валейкум ассалам. Чоң рахмат. Негизи балалыгымдан тартып динден аздыр-көптүр кабар алып чоңойдум. Таенем диндар адам болгондуктан, биз алардыкына барып калганда анын намаз окуп жатканын көрөр элек. Таенем аркылуу Ыйык Курандын сүрөлөрүн, жатарда, тамак ичерде окулчу дубаларды үйрөнгөм. Жашоомдо кандайдыр бир маселелер жаралып калса, бул тууралуу шариатта эмнелер айтылганына кызыгып, ага ылайык маселелеримди чечкенге аракеттенчүмүн. Буга чейин менин жоолук салынуу боюнча терең түшүнүгүм болбогондуктан, бул маселеге анчейин маани бербептирмин. Ислам тууралуу дагы көбүрөөк маалымат ала баштаган соң чечимди дароо жасадым. Кээ бирлер: “Канча жылдан бери пландап, бирок батына албай жүрөм”,- деп айтып калышат го. Менде андай нерсе болгон жок.
— Жакындарыңыз, досторуңуз бул чечимиңизге кандай карап жатышат?
— Көптөрүндө “менин жашоомдо күтүүсүз окуялар болгон го, бир нерседен кыйналган окшойт” деген ойлор бар экен. Кудайга шүгүр, менде баары жакшы. Бул чечимиме сырткы факторлордун эч кандай тиешеси жок. Баары менин ички абалымдан болду. Аллахтын алдындагы парзымды аткарып, Анын ыраазычылыгына жетким келди. Кудайга шүгүр, жакындарымдын баары колдошту. Анткени алардын дин тууралуу түшүнүгү бар жана менин чечимиме сый-урмат көрсөтүшөт. Кайната, кайненем ажыга барып келген адамдар. Алар абдан сүйүнүштү. Жолдошум да аябай ыраазы болду.
— Сиз кантсе да элдин адамы эмессизби? Күйөрмандарыңыз кандай кабыл алды?
— Жоолукту бир жумадай эч кимге айтпай эле салынып жүрдүм. Бир жумадан соң гана социалдык баракчама жарыяладым. Албетте, бир аз толкундануу болду. Бирок ал толкундануу “Эл эмне дейт?” деген мааниде эмес. Анткени мен чечим кабыл алып жатканда бул кадамым Жараткандын ыраазычылыгы үчүн экенин билгем. Ал эми Аллахтын ыраазычылыгы дүйнөдөгү болгон бардык пикирлерден жогору турат эмеспи. Катталуучуларымдын ичинен басымдуу бөлүгү чын жүрөктөн куттуктап, жакшы тилектерин айтып жатышат. Аларга терең ыраазычылык билдиргим келет. Негативдүү пикирлер да болду. Эми ал пикирлер динден түшүнүгү жок, же динге каршы маанайдагы адамдар десек болот. Бир эже мага толтура агрессивдүү каттарды кайра-кайра жазып жатты. “Сиз менден эмнени каалап жатасыз?” деген суроомо так жооп бере алган жок.
— Ал эми чыгармачылык жааты кандай болот?
— Чынын айтсам, бул тууралуу мен такыр эле кабатырланып, ойлонбопмун. Албетте, бир катар нерселерди өзгөртүүм керек. Балким, ишкерчилик жаатта да аракеттеримди жасап көрөм. Бирок чыгармачылыкты толугу менен таштайын деген оюм жок. Кантсе да, ушул убакка чейин топтогон аудиториям бар, 12 жылдан бери чыгармачылык чөйрөдө жүрөм. “Бычак менен алма кесип, же аны менен адам өмүрүн да алса болот” дегендей, мен чыгармачылыкты туура нукта колдонгонго аракетимди жумшайм.
— Бул жаңы образда өзүңүздү кандай сезип жатасыз?
— Жашоомдогу маанилүү кадамдардын бирин жасаганыма абдан бактылуумун. Жан-дүйнөм тынч. Жоолуктун жоопкерчилиги жана сүрү болорун байкадым. Мурда элдерден “жоолукчан болуп алып, ушундай иштерди жасайт” деген сыяктуу нааразы болгон сөздөрдү угуп калчу элем. Баарыбыз пенде экенибизди унутпашыбыз керек, ар бирибиздин оңдой турчу кемчиликтерибиз бар. Бирок, баарыбир, адамдардын көбү динди анын негизги булактарынан окуп үйрөнбөй, аны кармангандарды карап алып чечим чыгарып коюшат экен. Андыктан, мен бул жоопкерчиликти сезип, мусулман кыздарды уят кылбаганга аракеттенем. Жоолук салынган кыз адеп-ахлак, жүрүм-турум, адамдарга жасаган мамилесинде тынымсыз иштеп, алдыга умтулганга аракеттениши керек экен деген чечимге келдим.
— Айпери, чоң рахмат маегиңизге! Иштериңизге ийгиликтерди каалайбыз!
Айпери кубик кызы биография
№764 23-29-июнь, 2017-ж.

– Айпери, сен өтө эле арыксың. Толоюн деген оюң барбы?
– Былтыр 46 килограмм болсом, азыр 52 килограмм болуп калдым. Төрөгөндөн кийин бир аз толуп, кайра арыктап кеткем. Ар кайсыны ойлоп, үйгө да, көчөгө да жетишиш кыйын болуп кеткени үчүн арыктадым окшойт. Азыр уйкум жакшы, көңүлүм ток, ата-энем жанымда болгону үчүнбү, 10 айда 6 килограмм коштум.
– Сулуу болууга канча акча коротосуң?
– Жасалма чачты 15 миң сомго коштурдум. Бир жолку макияжга 1500 сом сарпталат.
– Атаң өтө жөнөкөй адам. Анын дыйканчылык менен алектенгенин аябай баалайбыз. Сен болсо бой көтөрүп, өзүңдү чиновниктин кызындай сезесиң. Карап көрсөм, ырың, күйөрманың деле жок экен. Стилист менен иштешсең жакшы болмок.
– Атам жөнөкөй адам болгону үчүн анын кызы да жөнөкөй. Сиз мени жакшы билбейт экенсиз. Анткени жакындан тааныган адамдардан «жөнөкөйсүң, адамгерчиликтүүсүң» деген сөздөрдү угам. Чиновниктин кызы ушинтип жүрөт бекен? Канча күйөрманым бар билбейм. Бирок, Кудайга шүгүр, 10 жылдан бери сахнада кармалып иштеп келе жатам. Стилист менен да иштешем. Болгону сиз мени жаман көрөт окшойсуз.

– Терең ойлонуп көрсөм, себебин мен деле билбейм. Маңдайыма жазылганын көрдүм. «Талаалап гастролдоп жүрсө аял болуп кыйратмак беле?» деген сөздү көп уктум. Жумушум ажырашуубузга түрткү болгон жок. Чыгармачылык менен иштеп нан таптым, үй-бүлөнү бактым. Ал үй-бүлөнү жамандагым келбейт. Жолдошум жакшыбы, жаманбы, баламдын атасы. Кандай болсо да 2 жыл жашадым. Ажырашуу менин каалоом эмес болчу. Колумдан келишинче үй-бүлөбүздү сактап калууга аракет кылдым.
– Жолдошуңуз кечирим сурап келсе жарашууга макулсузбу?
– 1 жыл өттү, жарашпайбыз го. Анын мүнөзү оор, айтканынан кайтпаган адам. Азыр жарашууга көңүлүм жок.
– Айпери, менин табитимдеги кызсың. Бирок менин аялым бар, 2-аялым болот белең?
– Улуулар «жаш кезиңде турмуш куруп кет» деп кеңеш берип жатышат. Сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет, ага убакыт керек.
– Ажырашып кеткениңизди 1 жыл жашырып жүргөнүңүздүн себеби эмнеде?
– Башында казан-аяк кагышат деген ойдо болчумун. Тилекке каршы, андай болгон жок. Көңүлүбүз сууп калганбы, айтор, кайрадан табышпай турганыбызга көзүм жетти. Мен чүнчүп же сынып калчулардан эмесмин, тырышып алдыга умтула берем. Күйөөмө назик, сонун аял болчумун.
– «Келин жаман эмес, барган жери жаман» дейт. Кайненең «фокустарын» көрсөтсө качып кеткен жоксуңбу?
– Мен качкан жокмун, буйрук экен.
– Балким, 10 жылдан кийин жолдошуң менен жарашып каларсың?
– Наруланды кечирдим, бирок эми ага көңүлүм жылыбайт. Кечирбегенге акым жок, эки тараптын тең өзүнүн чындыгы бар.
– Сен үчүн идеалдуу күйөө кандай болуш керек?
– Жоопкерчиликтүү, сөзүнө бекем турган, чечкиндүү мырзаларды баалайм. Үй-бүлө куруп, балалуу болдуңбу? Демек, жоопкерчиликти алып баланы багыш керек. Таарынбагыла, мырзалар, бирок силер жоопкерчиликти моюнуңарга албай жатасыңар. Ошондуктан аялдар «эл катары жашайын» деп тытынып иштеп жүрүшөт.
– Жолдошуң балаңды бакмак түгүл, басып келбегенин окуп сени аял катары аяп жүрөм. Кандай адамга турмушка чыгып жатканыңды башында билчү белең?
– Баланын атасын жамандагым келбейт. Наруланды сүйүп жүрүп тийгенмин, аябай жакшы бала. Болгону жашоо каалаганындай калчап койду. Баланы көрсөтпөй койгудай зөөкүр эмесмин. Ал биринчи көргөнү келсин да.
– Чындыкты айт, ойноп чылым чегип, спирт ичимдигин ичип көрдүң беле?
– Мындай нерседен баары өтсө керек. Азыр ашказаным ооругандыктан спирт ичимдигин иче албайм. Кош бойлуу кезимде боюмдан козголуп, күнүгө бир бокалдан вино ичтим. Анткени дары ичпеш керек эле.
– Колуңуздан келсе, атаңызды эмне кылып ыраазы кылат элеңиз?
– Жүрөгүмдү өйүтүп келген бир нерсе бар. Атама наам алып бергим келет. Ошол кыялым, аракетим ишке ашпай жатат. Атам сахнада 30 жылдан бери жүрөт. Бирок ушуга чейин бир дагы наамы жок. Канчалаган ырчыларга чыгармаларды жазып иштеп жүрдү. Ал ырчылардын баары атактуу болуп, айрымдары «Эл артисти» наамын алып жатышат.
– Биринчи Айпери Калыкова болуп чыккансың, кийин эле Айгерим Расул кызын туурап Кубик кызы болуп чыга калдың. Айгеримге эмнеге атаандашасың?
– Урматтуу колдонуучу, сиз менин душманым окшойсуз. Сиз анчалык жаман көрбөңүз. Айгерим экөөбүз эч качан атаандашкан эмеспиз, азыр да доспуз.
– Москвада кафелерде концерт уюштурган Адылбек Маматбеков менен эрте эле жүрүп алган жоксуңбу? Москвага кайра-кайра эле концерт коюп, сени чакырып калды.
– Адыл деген уюштуруучу бала, кафе иштетет. Ырчылар келишимдин негизинде ай сайын 3 күн концерт беребиз. Мага чейин Данияр Эрматов ырдап келген. Мен март, май айларында бардым, экөө тең аншлаг менен өттү. Сиз «жүрүп алды» дептирсиз. Урматтуу колдонуучу, эркек башыңыз менен ушундай ушак сөздөрдү айткандан уялбайсызбы?! Анан Москвага сиз үчүн барбайм, эл дагы чакырса кайра эле бара берем.
Динара Абдыкадырова
Адилет Бектуров
star@super.kg
Айпери Кубик кызы: «Сүйүү күтүп жатам»
«Супер-Инфо» гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу «Супер-Инфо» гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Айпери кубик кызы биография
Рейтинг Alexa: #10,811,221 Google PageRank: 0 из 10 Яндекс ТИЦ: 0
ТоÑи. ÐоÑ. Ðне нÑавиÑÑÑ. 73. Я. ÑÑаÑÑ.
Google PageRank: 0 из 10 Яндекс ТИЦ: 0
Just another WordPress site
Google PageRank: 0 из 10 Яндекс ТИЦ: 0
Google PageRank: 0 из 10 Яндекс ТИЦ: 0
Google PageRank: 0 из 10 Яндекс ТИЦ: 0
Google PageRank: 0 из 10 Яндекс ТИЦ: 0
Google PageRank: 0 из 10 Яндекс ТИЦ: 0
Google PageRank: 0 из 10 Яндекс ТИЦ: 0
Google PageRank: 0 из 10 Яндекс ТИЦ: 0
Google PageRank: 0 из 10 Яндекс ТИЦ: 0
= оÑвеÑÑ Ð½Ð° ÑÑÐ¾Ð²ÐµÐ½Ñ 4 =. ЧаÑÑÑ 1 ЧаÑÑÑ.
Рейтинг Alexa: #22,374,822 Google PageRank: 0 из 10 Яндекс ТИЦ: 0
Фильм снят по роману Томаса Хьюза, а данная история написана по событиям, которые имели место быть в прошлом. И это, без сомнения, интересно. Главным героем
Google PageRank: 0 из 10 Яндекс ТИЦ: 0
Sede en Internet del Instituto Cervantes creada para difundir la lengua española y la cultura en español: exposiciones, monográficos, obras de referencia, materiales didácticos para la clase de español, foros, debates, y.
Рейтинг Alexa: #30,626 Google PageRank: 7 из 10
Sitio oficial de la agrupación tropical norteña, El Cumbiambero Mayor, JLB y Compañía.
Рейтинг Alexa: #257,193 Google PageRank: 0 из 10
Google Тренды это диаграмма для отслеживания сезонности ключевых слов. Этот график позволяет лучше понять сезонное изменение полулярности запросов по определенной тематике.
Значения приведены относительно максимума, который принят за 100. Чтобы увидеть более подробную информацию о количестве запросов в определенный момент времени, наведите указатель на график.

